Жаңылыктар
Чүй облусунда Жусуп Баласагындын мааракеси белгиленди
Маданият
Чүй облусунда Жусуп Баласагындын мааракеси белгиленди

Бурана архитектуралык-археологиялык комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракеси белгиленди. 

Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, депутаттар жана ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты. 

ТҮРКСОЙ тарабынан 2016-жыл Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланган. Ал эми маараке тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Баласагын жашаган доордун тарыхын, ойчул акындын өмүрүн даңазалаган театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа өттү.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118