Жаңылыктар
Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, райондун Р.Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. 

Мындан улам 26-январда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы-аким, ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын жетекчилик курамы Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте Көпүрө-Базар айылында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, облустук жарандык кызматтарды тартуу чечимин кабыл алышты. Кырдаалды жөнгө салуу максатында райондун аймагында өзгөчө кырдаал тартиби жарыяланды. Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника тартылган. “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.