Жаңылыктар
Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз
Дүйнө
Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз

«Бүгүнкү күндө биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда.

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем», - деди Жапаров.