Жаңылыктар
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кенешинин кезектеги саммити аяктады
Саясат
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кенешинин кезектеги саммити аяктады

Арменияда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кенешинин кезектеги саммити аяктады. Жыйынга беш мамлекеттин өлкө башчылары жана Казакстандын премьер-министри катышты. Күн тартибине 20га жакын маселе коюлган. 

Алар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы баш катчысын дайындоо, терроризмге каршы күрөшүү жана эл аралык жана аймактык маселелерди чечүүдө биргелешип аракеттенүү. Жыйын тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда өткөрүлүп, анда ЖККУ кеңешине 2016-17-жылдары төрагалык кылуу Армениядан Белорусияга өткөрүлүп берилди. 

Тар чөйрөдөгү жыйындан кийин ЖККУ мамлекеттеринин башчылары кеңири курамда отурумду улантышты. Анда жалпысынан 24 документке кол коюлду.

Ал эми Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Тоолуу карабактагы жаңжал боюнча өзүнчө билдирүү кабыл алышты. Мындан сырткары ЖККУнун мамлекеттик чек араларында коопсуздукту камсыздоо, мүчө өлкөлөрдүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана аскерий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берилмей болду. Саммитте ЖККУ кеңешине 2016-17-жылдары төрагалык кылуу Армениядан Белорусияга өткөрүлүп берилди.