Жаңылыктар
1994-жылкы паспортуңуз болсо алмаштырыңыз
Кыргызстан жаңылыктары
1994-жылкы паспортуңуз болсо алмаштырыңыз

Биометрикалык каттоодон өтүп бирок, 1994-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык эски паспортту көтөрүп жүргөндөр 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого катыша албайт.

Анткени мындай үлгүдөгү паспорттун мөөнөтү аяктаган. Мындан улам учурда мамлекеттик каттоо кызматы республика боюнча бул үлгүдөгү паспортторду кайрадан каттоого алууда. Жалал-Абад облусунда болсо бул үлгүдөгү паспорттун саны 6 миңден ашат. 

Учурда Жалал-Абад облсунда жалпы бөлүмчөлөрү менен болуп,30дай паспорт берүүчү жай бар.Ал эми облсутун калкынын саны 1 миллиондон ашат.