Жаңылыктар
"Абдыш-Ата" клубу эки дарбазачы менен келишим түздү
Спорт
"Абдыш-Ата" клубу эки дарбазачы менен келишим түздү

Кыргызстандын учурдагы чемпиону “Абдыш-Ата” клубу дарбазачылар Марсель Исламкулов жана Кутман Кадырбеков менен келишим түздү. Бул тууралуу канттык команданын басма сөз кызматы кабарлады. 

Эки оюнчу тең Кант клубуна эркин агент катары келишти. 28 жаштагы Исламкулов “Абдыш-Ата” академиясынын бүтүрүүчүсү. Өткөн сезондо ал павлодардык “Аксу” клубунда ойноп, 12 беттешке катышып, дарбазасына 17 гол өткөргөн. Голкипер карьерасында "Астана-1964", "Байконур", "Кайсар" сыяктуу командаларда ойногон. 2016-жылы “Кайсар” менен бирге Биринчи лиганын чемпиону болгон. 

Кийинки жылы Казахстандын жогорку лигасында дебют жасаган. 2018-жылы 801 мүнөт чемпионатта өз дарбазасын кургак сактап, рекорд койгон. 2019-жылы Казахстан кубогун жеңген. Учурда “Transfermarkt” порталы дарбазачыны 200 миң еврого баалап жатат. 


Ал эми 25 жаштагы Кадырбеков 2022-жылдын биринчи бөлүгүн “Алгада” экинчи жарымын “Дордойдо” өткөргөн. Эки клубда тең Кутман биринчи номурдагы дарбазачы боло алган эмес.