Жаңылыктар
Талас районуна өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Талас районуна өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди

26-январда Талас районуна өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди. Буга себеп, Талас районунун Рысбек Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. Учурда кооптуу тилке тазаланууда.