Жаңылыктар
Эки өлкөнүн ортосунда өнүгүүгө багытталган ири долбоорлор
Экономика
Эки өлкөнүн ортосунда өнүгүүгө багытталган ири долбоорлор

Алдыңкы 3-4 жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын товар айлантуусу 2 млрд долларга жетет. Мындай эсептөөлөрү менен атамекендик экономисттер бөлүшүүдө. Айтымдарында буга эки өлкөнүн ортосунда ишке кирүүсү күтүлүп жаткан ири долбоорлордун башталышы негиз болот. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алаканы дагы бекемдеп, эки тараптуу айланган каражаттарды эселеп көбөйтө турган ири долбоорлор башталганы турат. 

Алардын бири - Камбар-Ата-1 ГЭСи. Жыл башында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан ортосунда бул боюнча “жол картасын” тузүү келишимине кол коюшту. Ага ылайык, техникалык -экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүн болгон гидроэлектрстанция иштеп калса - жалпы Борбор Азия чөлкөмүнө пайдалуу болот.