Жаңылыктар
Акылбек Жапаровду айрым “блогерлер” тарабынан негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда
Саясат
Акылбек Жапаровду айрым “блогерлер” тарабынан негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда

Социалдык байланыш тармагындагы айрым “блогер” тарабынан негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков:

"Социалдык тармактарда Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду социалдык байланыш тармагындагы айрым “блогер” тарабынан негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. 

Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз.

Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, Министрлер Кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда.

Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз".