Жаңылыктар
Төө-Ашууда тыгындар пайда болууда
Өзгөчө кырдаал
  Төө-Ашууда тыгындар пайда болууда

Кечээ түнү Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу белинде автоунаалардын тыгыны болду. Тыгында унаалар 1 саатка жакын убакыт турду.

Ал эми, Жайыл районундагы Сосновка постуна айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул жерде айдоочуларга ысык чай жана тиешелүү жардамдар берилет. Мындай чара аба ырайы кескин сууктап, кар түшкөнүнө байланыштуу көрүлдү.
 Бүгүн 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү жыйнала элек жашылча, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118