Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат
Спорт
Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат

Айсулуу Тыныбекова жанаАйпери Медет кызы Хорватияда боло турган Zagreb Open эл аралык рейтингдик турнирге катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды.

Мелдеш 1-5-февраль аралыгында Загреб шаарында өтөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күрөшөт.

Белгилей кетсек, Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Айпери Медет кызы Азиянын чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.