Жаңылыктар
Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт
Саясат
 Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт

 Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Ал эми бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Мындай пикирин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушууда билдирген. 

Бирок айрымдар мамлекет башчынын бул билдирүүсүн сындап чыкты. Бул боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммити болуп жаткан жерден КТРКга маалымат берди.

“Кыргызстандын тышкы саясаттын багыты өзгөргөн эмес. өзгөрбөйт дагы. Өзүн-өзү сыйлаган кандай гана мамлекет болбосун сөзсүз түрдө эл аралык укуктарды карманат. Бул принциптер Бириккен улуттар уюмунун уставында дагы бекитилген. Хелсинки актысында дагы жазылган. Атайын принциптер бар, алар эл аралык укукта - негизги мааниге ээ принциптер деп аталат. Анда мамлекеттердин суверендүү укуктары, мамлекеттик чек аралардын бузулбастыгы жана аймактык бүтүндүк сыяктуу принциптер камтылган. Андыктан мындай келишимдер Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери көп мамлекеттер менен түзүлгөн. Мында эч кандай терс мааниге ээ болгон нерсе жок" - деп билдирди Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков.