Кыргыздын улуттук адабиятынын, интеллигенциясынын баш көтөргөн алгачкы өкүлдөрүнүн көпчүлүгү каргашалуу сталиндик репрессиянын курмандыктары болушту. Ошолордун катарында, адабиятчы, мамлекеттик ишмер, кыргыз адабий сынынын негиздөөчүсү Токчоро Жолдошевдин быйыл 120 жылдыгы белгиленмекчи.
Токчоро Жолдошев тууралуу кыскача маалымат алуу үчүн КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабияты бөлүмүнүн башчысы,филология илимдеринин кандидаты Ыйсаева Нурзинага кайрылдым.
-Быйыл 120 жылдыгы белгилене турган Токчоро Жолдошев тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз…
-Токчоро Жолдошев 1903-жылы азыркы Кемин районунун Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1921-жылы Алма-Ата шаарында ачылган (окутуучуларды) мугалимдерди даярдай турган “дарип мугалими” аттуу орто мектепке кирет. Мектеп кийин эл агартуу институтуна айланып, окуусун ошондон улантат. Студент кезинде “Тилчи” (“Пропагандист”) аттуу газета менен чыгармачылык алакада болгон, “Жети-Суу правдасына” айрым очерктерди жазган, кыргыз фольклорунун үлгүлөрүнөн айрым бир үзүндүлөрдү бастырып жарыялаган.
Ошону менен катар Токчоро Жолдошев институттун коомдук иштерине активдүү катышып, жакшы окуп, адабиятка жөндөмү жагынан студенттер менен мугалимдер арасында тез таанылып, кадыр-баркка ээ болот. 1925-жылы Институттун акыркы курсунда окуп жүрүп, партиянын катарына өтөт. Ошол жылы Алма-Атадагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун ийгиликтүү бүтүрүп, өзү туулуп өскөн Кыргызстандын карамагына келет. Кыргызстандын өкмөтү Каракол-Нарын округуна аймактык эл агартуу бөлүмүнүн башчылыгына кызматка көрсөтүлөт. Бирок бул кызматта ал аз гана убакыт иштеген.
1925-жылы ал Москва калаасындагы СССР элдеринин Борбордук басмасына кызматка жиберилет. Ал жерде Т.Жолдошев басманын жооптуу катчысы жана кыргыз бөлүмүнүн редактору болуп иштеген. Ошол мезгилден тартып Токчоро Жолдошев журналисттик, котормочулук кесибине киришет.
Ишмердүүлүгүнүн журналисттик жана котормочулук багыты
1926-жылдан тартып бир нече саясий-идеологиялык багыттагы китептерди орус тилинен кыргыз тилине которуп жарыкка чыгарат. Бул тажрыйба анын саясий-идеологиялык жактан көз карашынын бекемделишине, түшүнүктөрүнүн кеңейишине чоң жардам көрсөтөт. Ой-жүгүртүүсү кеңейип, котормочулук өзүнчө бир көнүгүү, тажрыйба, машыгуу болуп берген.
Токчоро Жолдошевдин адабий-сынчылык ишмердүүлүгүнүн башаты дагы ушул Москвада иштеп жүргөн мезгилине туура келет. “Эркин Тоо” газетасынын алгачкы санынан тартып 1927-жылга чейин жарык көргөн кыргыз акындарынын ыларын жыйнап, топтоп алгачкы ыр жыйнагын түзүп, баш сөзүн жазып, “Кызыл гүл” деген ат менен ыр китепти жарыкка чыгарган. Ага жаштардын элүү ыры жана эки котормо кирген. Ырлар топтому Касым Тыныстановдун котормосундагы “Интернационал” менен башталып, Касымалы Баялиновдун котормосундагы Ю.Лермонтовдун “Үч курмасы” менен аяктаган. Ошондой эле бул жыйнакка К.Тыныстанов, С.Карачев, А.Токомбаев, К.Баялинов, Б.Кененсариев, Б.Калпаков, М.Элебаев, Ж.Жамгырчиев, О.Лепесов сыяктуу акындардын ырлары жарыяланган.
Кыргыз поэзиясынын алгачкы карлыгачы “Кызыл гүл” жыйнагынын улуттук адабиятыбыздын башатында өзгөчө орду бар. Бирок, өз доорунда бул жыйнакка кирген авторлордун көбү жана ал жыйнакты түзүүчүлөр каргашалуу репрессиянын курмандыктары болушту.
-Токчоро Жолдошевдин мамлекеттик жана агартуу тармагындагы ишмердүүлүгү кандай болгон?
-1927-1929-жылдары Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын академиялык борборуна башкарма, 1929-1931-жылдары Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин президиумуна мүчө, жооптуу катчы, 1931-1932-жылдары Кыргызстан колхоз борборуна төрага, 1933-1935-жылдары Кыргыз АССР эл агартуу комиссары болуп эмгектенген.
1927-жылы Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын академиялык борборуна башкарма болуп иштеп турганда республиканын агартуу эл комиссары Касым Тыныстанов болгон. Академиялык борбордун алдында окуу пландары менен программаларды түзүү, кыргыз мектептери үчүн окуулуктарды, окуу-методикалык куралдарды жазуу милдеттери турган. Мындан сырткары марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын кыргызчалатуу, кыргыз элинин фольклордук казынасын жыйноо жана жарыкка чыгарууга даярдоо боюнча иштер кызуу колго алынган. Ошентип эл агартуу тармагында, маданий курулуш майданында Касым Тыныстанов менен Токчоро Жолдошев бирге иш алып барышкан. Көз карашы түз, курч, кайраттуу, таза, билимдүү, адабияттын жандуу өнүгүшүнө активдүү катышкан бул таланттуу адамдардын достугу өзгөчө болгон.
1928-1929-жылдары Касым Тыныстанов “Жаңы маданият жолунда” журналынын башкы редактору болсо, Токчоро Жолдошев редколлегия мүчөсү болгон. Ошол жылдар аралыгында адабий-сын макалаларды жарыялоодон тышкары К.Тыныстанов, Б.Данияров, О.Алиевдер менен бирге латын графикасына негизделген жаңы кыргыз алфавитинин проблемаларына, фонетика, орфография, терминология маселелерине арналган бир нече макалаларды жазган.
Адабий сын майданында
-Адабий сын майданында Токчоро Жолдошев 1926-1928-жылдар аралыгында өтө активдүү иштеген. Бул жылдар аралыгында көркөм сөз өнөрүнүн түрдүү маселелери менен айрым-айрым жеке чыгармаларга, котормолор менен кыргыз терминологиясына, жанытмага өтүү жолуна, театр менен элдик чыгармаларды жыйноо маселесине арналган он бешке жакын макала жарыялаган. Жалпысынан бизге белгилүү болгон жыйырма макаласы жарык көргөн.
Адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов Токчоро Жолдошевдин адабий-сын макалаларын шарттуу түрдө үч топко бөлүп караган: 1. Көркөм адабияттын айрым маселелери менен айрым жеке чыгармаларга арнап жазгандары; 2. Котормо жөнундө жазган макалалары; 3. Тил, термин маселелери тууралуу жазгандары. Адабиятчы Кадыркул Даутов туура белгилегендей, Токчоро Жолдошев кыргыз адабий сынынын сап башында турган алгачкы сынчы.
Жогоруда белгилегендей, фольклордук мурастарга болгон ышкылык, аны сактоо, жазып жарыялоо иштерин студент кезинен тартып 1935-жылы камакка алынганга чейинки мезгил аралыгында үзгүлтүксүз жүргүзүп келген.
“Манас” эпосунун айрым эпизоддорун басмага даярдоо
-Камакка алынышы К.Тыныстанов менен Е.Поливанов менен биргеликте “Манас” эпосунун айрым эпизоддорун басмага даярдоо жана жарыялоо иштерине тоскоолдук кылган. Бул туурасында архивдик материалдарга таянуу менен белгилүү окумуштуу, тарыхчы В.Плоских мындай дейт:
“1934-жылы жарыялана турган “Манас” эпосунун башкы редактору катарында К.Тыныстанов, С.Сейфуллин, Е.Поливановдордун коллегасы ошол тапта Кыргызстандын эл агартуу наркому Т.Жолдошев көрсөтүлгөн. “Манастын” редколлегиясынын башкы редактору Жолдошевди 1935-жылы күзүндө камакка алышкан. Ал эми Касым Тыныстановду, Сакен Сайфуллинди, Евгений Поливановду 1937-жылы камакка алышкан. Ошентип эпосту жарыялоо иши үзгүлтүккө учураган”.
-Демек, кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири Токчоро Жолдошевдин камакка алынышы «Манас» эпосунун басмага даярдалышы менен байланыштуу болуп жүрбөсүн…
-1935-жылдын 16-сентябрында Токчоро Жолдошев камакка алынат. 1935-жылдын 21-сентябрында ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун бюросунун чечими менен эл агартуу комиссарынын кызматынан алынат. 1935-жылы Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин Президуму Жолдошевди Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун мүчөлүгүнөн чыгаруу чечимин кабыл алат. 1935-жылы ВКП(б)нын Фрунзе шаардык Комитетинин Бюросунун чеими менен Т.Жолдошев партиянын катарынан чыгарылат. 1937-жылы эл душманы катары атууга өкүм чыгарылат. 1956-жылы 27-августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Соту тарабынан Токчоро Жолдошевдин граждандык айыптоо иши кайрадан каралып, 1957-жылы 20-августта Токчоро Жолдошев толугу менен акталган.
Токчоро Жолдошев кыска жашаган өмүрүндө активдүү иштеп, изденип, чыгармачылык табылгаларын тарых барактарында калтырып кеткен. Кыргыз адабият таануу илиминде бул адабиятчы-сынчынын мурастары окумуштуу-адабиятчылардын изилдөө объектисине, предметине алынып, З.Бектенов, С.Жигитов, К.Даутов, А.Эркебаев, К.Байжигитов, О.Ибраимовдордун китептеринде, диссертацияларында жана макалаларында талдоого алынган. Ошондой эле КР УИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору тарабынан жарыкка чыгарылган “Кыргыз адабият таануу илими жана сыны” (2005) деген эмгекте портреттик макала түрүндө берилген.
-Советтик, партиялык ишмер, кыргыз совет адабиятчысы Токчоро Жолдошевдин тарыхтагы орду тууралуу ар тараптуу адабий, илимий изилдөө эмгектери жарыяланып келсе да, алгачкы адабий сынчы тууралуу дагы да ачыла элек терең маалыматтар берилет деген үмүт бар… Маалымат бергениңиз үчүн ыраазычылык айтам.
КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабияты бөлүмүнүн башчысы,филология илимдеринин кандидаты Ыйсаева Нурзина менен маекти алып барган
ГҮЛМИРА КУЛУМБАЕВА