Жаңылыктар
Өкмөттөгү орун алмашуулар
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттөгү орун алмашуулар

Рафик Мамбеталиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Төраганын милдетин аткаруу мурдагы орун басар Сэйитбек Эрматовго жүктөлдү. Тийешелүү буйруктарга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Премьер-министрдин дагы бир Буйругу менен Эрмек Өмүралиев өзүнүн арызына ылайык, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору кызматынан бошотулду.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118