Жаңылыктар
№5 гимназия 90-жылдыгын белгилеп жатат
Билим
№5 гимназия 90-жылдыгын белгилеп жатат

 Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы № 5 компьютердик гиназия өзүнүн 90 жылдыгын белгилеп жатат. Гимназия уюшулгандан тартып он миңдеген бүтүрүүчүлөрдү уядан учурду. Алардын катарында белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, дарыгерлер жана ишкерлер бар.

 Азыр дагы гимназия өлкөдөгү мыкты делген мектептердин алдыңкы сабында. Билим берүү тармагындагы бир катар сынактардын жеңүүчүсү. Билим уясынын мааракеси менен куттуктоого Кыргызстандын бир катар көрүнүктүү инсандары келди.

"Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Аалы Карашев, маданият тармагынан Сүймөнкул Чокморов, Жамал Сейдакматова биздин мектептен бүтүшкөн" - деп билдирди  гимназиянын директору Муратбек Молдокулов.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118