Жаңылыктар
Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери контрабандалык тамекилер кармашты, келтирилген зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери контрабандалык тамекилер кармашты, келтирилген зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашты

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Жаш Гвардия/Фрунзе көчөлөрдүн кесилишинде КР жараны «Б.Г.С.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башуаруусунда «Toyota Alphard» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Бажылык текшерип кароодо жогоруда аталган унаанын салонунан 80 куту акциздик маркасы жок «тамеки» тамеки продукциясы табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Жагдайлар такталып, маселе негизи боюнча чечилгенге чейин унаа менен товарлар «БТС» убактылуу сактоо кампасынын аймагына сактоого коюлган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 211 065 сомду түздү. Аталган факты КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.