Жаңылыктар
Бишкекте “Устат” академиясы ачылды
Билим
Бишкекте “Устат” академиясы ачылды

 Кыргыз тилинин тазалыгын жана баалуулугун даңазалоо менен бирге унутта калган көөнө сөздөрдү колдонуп, сөз чеберчилигин арттырууну максат кылган “Устат” академиясы ачылды.

 Академияны негиздөөчүлөрдүн айтымында, учурда өтө тездик менен жайылып бара жаткан келегей кептерибизди тизгиндеп, нукура сөздөр менен баарлашууну өөрчүтүү учурдун талабы болуп турат. Окуу жайда сөз чеберчилиги , журналистика жана элдик оозеки чыгармачылык багыттары боюнча сабактар өтүлөт. Анын ичинде, телевидение менен радиодо нукура кыргыз тилинде так сүйлөө, гезит-журналдарга туура жазуу, чечендик жана төкмө акындык өнөр, дастанчылык багыты боюнча кошумча кызматтар бар.

“Азыр кыргыз тилине жана журналистикасына ушундай бир кадам керек болуп турат. Ага кошумча сөз эркиндигинин жогорулоосуна да багыт жасалышы керек” - дейт негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Самыйкожо.