Жаңылыктар
Ар тараптуу Кыргыз-Герман кызматташтыгы
Саясат
Ар тараптуу Кыргыз-Герман кызматташтыгы

 Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын азык-түлүк жана айыл чарбасы Федералдык министри Кристиан Шмидт менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы айыл чарба, өзгөчө ирригация чөйрөсүндө кызматташуунун маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Германия Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык Кыргызстанга келген германиялык өкүлдөр менен жолугушканына кубанганын белгиледи. 

Алмазбек Атамбаев менен Кристиан Шмидт өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана Европа биримдиги Кыргызстанга берген ВСП+ артыкчылыктуу маккамды эске алуу менен айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу боюнча пландарды талкуулашты.