Жаңылыктар
Бишкекте муздун астынан 7 жаштагы баланын сөөгү табылып алынды
Кырсык
Бишкекте муздун астынан 7 жаштагы баланын сөөгү табылып алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей Бишкекте муздун астына түшүп кеткен 7 жаштагы баланын сөөгү табылды. 

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндө каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган К.У. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

Жерине 11 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.