Жаңылыктар
2023-жылдын январынан тартып патентти электрондук түрдө гана алууга болот
Экономика
2023-жылдын январынан тартып патентти электрондук түрдө гана алууга болот

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей 2023-жылдын январынан тартып экономикалык ишти жүзөгө ашырууга патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керек. Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды. 

Ведомствого ылайык патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Ал үчүн  Salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү.

"Жеке кабинет" аркылуу онлайн режиминде патент алуу жана анын колдонулушун узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болот.

Ошондой эле банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө “Электрондук патентти” тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керектигин белгилейбиз. Маанилүү! Патент үчүн ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек.

Мындан тышкары, салык төлөөчү электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформаларын, тактай кетсек: коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б. кызматтарын колдонуп жана төлөмдөрдү аткарса болот.