Жаңылыктар
Баткенде кызын сабаган аял 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды
Кылмыш
Баткенде кызын сабаган аял 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды

Баткендин Кадамжай районунда кызын сабаган аял милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдагандай 27-январда Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн Ш.М. аттуу аялы эки жашар А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө жарандык никеде жашап жүргөн Ш.М. 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги такталган.

Аталган факты боюнча жаш балага карата соттук-медициналык жана аялга карата соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш.М. 30-январь күнү Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, Ш.М.К. аттуу жарандын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.