Жаңылыктар
Президенттин администрациясында бир катар мамлекеттик концепциялардын ишке ашыруу пландары каралды
Саясат
Президенттин администрациясында бир катар мамлекеттик концепциялардын ишке ашыруу пландары каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кыргыз жараны», «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат», «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү» концепцияларын ишке ашыруу жана аларды күчтөндүрүү зарылдыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

«Аталган мамлекеттик концепциялар маанилүү болгондуктан, бул документтердин алкагында коюлган максаттарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын толук кандуу катышуусу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарыл. Бул аракеттердин максаты элибиздин биримдигин чыңдоого, атуулдукту өнүктүрүүгө, жарандардын руханий-адептик жактан өнүгүүсүнө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган”, - деди Байсалов.