Чолпонбек Базарбаев 20 жылдан бери арабызда жок болсо да, анын жаркын элеси өчпөй, ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Анын дүйнөлүк балет искусствосунда балеттин өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз зор. Чынында эле Советтер Союзунда “СССРдин Эл артисти” наамын кыргыз бийчиси гана ала алган. Ала-Тоонун уулуна Союздун мыкты театр сахналарында Москва менен Ленинграддын гана эмес, Италиянын, АКШнын, Япониянын, Швециянын, Франциянын жана дуйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүнүн эң алдыңкы сахналарында таанылып, күтүрөгөн кол чабууларга ээ болгон.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев балет өнөрунун жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
К.Б.: «Албетте, тээ 1958-жылы Ат-Башыда Фрунзенин тажрыйбалуу балетмейстерлерин таң калтырган кичинекей бала качандыр бир күнү Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалай турганын эч ким элестете алган эмес», - деп эскерет артисттин бир тууган иниси, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев. «Бул жөнүндө биздин ата-энелердин оюна да келген эмес. Атам согуштан кийин Чолпон, Ат-Башы, Тогуз-Торо райондоруна партиялык иштерге жиберилип, үй-бүлөбүз тез-тез көчүп турган. Атам искусствону өзү түшүп билсе да, согушка чейин 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык сахнасында ал биринчилерден болуп ролдорду аткарып, образдарды жаратса да, алгач, ата-энем кичинекей уулун алыскы Фрунзеге коё берүүгө батынбады. Чолпонбектин таланты окутуучу Гүлбара Данияровна Бакировнанын жан дүйнөсүнө өзгөчө жагып калганбы, бир жыл өткөн соң ал кайра ата-энесине келип, аларды көндүрө алган. Ошентип, кандай болсо да ал 10 жашында балет менен алектене баштаган, бирок өзү курактуу айылдык балдардай эле, бул кесип эмне экенин аз эле билчү. Бирок устаттары ага эмнени үйрөтөрүн билип, ал балетти өмүр бою сүйүп, ага берилип, андан тышкары, ага өзүнүн өмүрүн арнаган.
Көп жылдардан кийин Кыргыз опера жана балет театрын жетектеп калды...
К.Б.: Ооба, адегенде азыр анын атын алып жүргөн хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин Москва шаарынын Чоң театрында бир жылдык стажировкадан өткөн. Биринчи окуу жылы бүтүп каникулга келгенде, ошол учурда атасы каза болуп, Чолпонбек 19 жашында апасы, бир туугандары, карындашы бар атасынын ордуна үй-бүлөнүн башында болуу жоопкерчилигин алды. Бирок бул анын опера жана балет театрынын алдыңкы артисти болууга тоскоол болгон жок. Негизги аткаруучулук дебюту катары «Бахчисарай фонтаны» балетинен башталган, анын экинчи башкы ролу П.И. Чайковскийдин "Ак куу көлү" легендарлуу балетиндеги Принц Зигфриддин партиясы болгон. Ошондон бери Чолпонбек Базарбаев улуттук балет труппасынын солисти болуп калды. Бул жылдар аралыгында ал дүйнөлүк балет классикасынын спектаклдеринде отуздан ашык башкы ролдорду сахнада чагылдырган. Көп жылдар бою анын сахнадагы өнөктөшү СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева болгон. Ал театрга бүтүндөй күчүн арнап, театр элди бириктирген кайталангыс маданий борбор экенине чын дилинен ишенген. Театрга таазим кылып, ал спектаклдерге эч качан кечикчү эмес. Учакка кечигип калышы мүмкүн эле, бирок сахнага эч качан кечиккен эмес. Балетке болгон сүйүүсун ал баарыбызга да жеткире алды. Надя жеңем мени театрга алып барып, сахнада эмне болуп жатканын айтып бергени эсимде. Албетте, бала кезимде кээде спектакльде уктап калып, фойеде чуркаганды каалап, чыдамсыздык менен антрактты күтчүмүн. Бирок ошондон кийин балетке болгон сүйүү пайда болуп, сахнадан элге кубаныч тартуулоо үчүн канча эбегейсиз эмгек кылуу керектигин түшүнө баштадым.
Бир жолу агаңыз берген негизги сабак –талыкпай иштөө керек деп айттыңыз эле.
К.Б.: Биздин үй-бүлөдө ар нерсеге жетүү катуу мээнет менен келет. Агам менен да ошондой болду, мага да ошондой болду. Балдарыбызды ушинтип окуттук, азыр неберелеримди окутуп жатам. Бир нерсеге жетүү үчүн билим жана эмгек керек.
Чолпонбек бала кезинен эле өзгөчө ишке жөндөмдүүлүгү жана туруктуулугу менен айырмаланчу. Өмүр бою китеп окуганга көп убакыт коротуп, китеп чогулткан, көз карашы абдан кең болгон. Бул сапаттар ага «Эне талаасындагы», укмуштуудай, ошол эле Касымдын же «Өлбөстүк» балетиндеги Чолпонбай Түлебердиевдин образдарын жаратууга жардам берди. Кийин деле Маданият министри болуп, 90-катаал жылдарында театрды коргоп, артисттер үчүн күрөшүп, кыргыз балетин сактап калуу үчүн меценаттарды издеген.
Чынында эле Чолпонбек Базарбаевди СССРде жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кол чабуулар менен коштолгон балет бийчиси катары билебиз, бирок анын эмгеги театр сахнасынан алда канча ашып кетет.
К.Б.:1990-жылдардын башында агам азербайжандык кесиптеши Полад Булбул-оглу менен ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмун түзүүнү демилгелеген. Бүгүнкү күндө ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн аймагында ийгиликтүү иштеп, маданият жана искусство маселелерин жайылтууда. Ага Кыргызстанда Маданият кызматкерлеринин күнүн белгилөө жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча биринчи театр фестивалын өткөрүү идеясы таандык, ошондой эле ал Гринвилл жана Батон-Руж (АКШ) шаарларынын ардактуу жараны, Япониянын "Мин-Он" эл аралык музыкалык сыйлыгынын лауреаты, "Данакер" орденинин ээси.