Жаңылыктар
Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири  өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат..

2023-жылдын 31-январында атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, 350 000 сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Т.М.З. Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.