Жаңылыктар
Өзбекстанда кылмыш жаса Кыргызстан чек арасына мыйзамсыз өткөн Кытай жараны кармалды
Кылмыш
Өзбекстанда кылмыш жаса Кыргызстан чек арасына мыйзамсыз өткөн Кытай жараны кармалды

Өзбекстанда  издөөдө жүргөн Кытай жараны Ошто кармалды. 

Маалыматка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган.

Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.

Кытай жараны 44 жаштагы Чж. Д. КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.