Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралар боюнча пландар талкууланды.
Бийик жана жогорку деңгээлдеги диалогго жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.