Жаңылыктар
Бишкек шаарында алгачкы ирет UWW рейтингдик турнири болот
Спорт
Бишкек шаарында алгачкы ирет UWW рейтингдик турнири болот

Кыргызстанда биринчи жолу Эл аралык күрөш федерациясынын UWW рейтингдик турнири өтөт.

2023-жылдын алкагында 4 бөлүмдөн турган Ranking Series мелдешинин үчүнчүсүн Бишкек шаары кабыл алат. Ал турнир Kaba uulu Kozhomkul&Raatbek Sanatbaev  деп аталат жана 1-4-июнь аралыгында Спорт ордосунда уюштурулат.

Жалпысынан эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында 30 комплект медаль ойнотулат.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар дүйнөлүк рейтингде упай алышат.

Ranking Series турниринин биринчи бөлүмү 1-5-февралда Хорватиянын Загреб шаарында болот.