Жаңылыктар
Чек арадан мыйзамсыз өткөн киши кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадан мыйзамсыз өткөн киши кармалды

Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн башка өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам-иликтөө чараларынын натыйжасында Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, изин жашыруу максатында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп Кыргызстандын аймагына кирген 44 жаштагы Кытай жараны кармалды. Ал Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. 

Бул факты боюнча Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.