Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая кыздар арасындагы Азия кубогуна (U-20) тандап алуу турунун беттештерин тейлейт.
Кыргыз футбол союзунун айтымында, аталган арбитр 7-11-мартта Вьеттри Ситиде (Вьетнам) болчу F тайпасындагы беттештерде калыстык кылат.
Кыздар арасындагы Азия кубогунун финалдык этабы 2024-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт.