Жаңылыктар
Ырчы Нурлан Тиллебаев узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Ырчы Нурлан Тиллебаев узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты

Ырчы Нурлан Тиллебаев узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Ырчы 16-октябрдан 17сине караган түнү көз жумганы тууралуу жакындары кабарлашты. Нурлан Тиллебаев төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келген. 

Тиллебаев 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыгып, таанылган талант эле. Андан сырткары Коомдук биринчи каналда эмгектенип , ЭлТР каналы ачылгандан бери башкы администраторлук кызматын аркалап келген. 

КТРКнын эмгек жамааты Нурлан Тиллебаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118