Хорватияда Ranking Series мелдешинин биринчи бөлүмү старт алды. Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы күч сынайт.
Турнир 1-февралда башталган. Бүгүн Айсулуу Тыныбекова 67 кг салмак категориясында килем үстүнө чыгат. Бул чен бирликте жалпы 23 балбан атаандаштык түзөт.
Кыргызстандык спортчу өз жолун 1/16 финалда баштайт. Анын атаандашы Сяоцзюань Ло болот.
Буга чейин эки спортчу АКШда өткөн Дүйнө кубогунда беттешкен. Анда биздин балбан 4:0 эсебинде жеңишти камсыздаган.