Жаңылыктар
Аксыда системалуу түрдө акча алып жүргөн акушер-дарыгер кармалды
Кылмыш
Аксыда системалуу түрдө акча алып жүргөн акушер-дарыгер кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда акушер-дарыгер пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жергиликтүү жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн 39 жаштагы акушер-гинекологу опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 

Ыкчам тергөө иш аракеттеринин негизинде 2-февралда дарыгер өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды. 

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.