Жаңылыктар
Нарын облустук академиялык драма театрында капиталдык ремонт жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облустук академиялык драма театрында капиталдык ремонт жүрүп жатат

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында капиталдык ремонт жүрүп жатат. Буга Президент өз фондунан 25 миллион сом бөлгөн. Учурда анын 80 пайызы өздөштүрүлүп, театрдын жабдуулары жана эмеректери толугу менен жаңыртылды. 

Натыйжада ар бир артисттин жеке бөлмөлөрү, көрүүчүлөр залы, сахна учур талабына төп жасалгаланууда. Жылуулук системасы киргизилип, искусство сүйүүчүлөрү үчүн бардык шарттар түзүлдү. 

Ошондой эле театр имаратынын алды да ирээтке келтирилет. Театр жетекчилигинин айтымында оңдоо иштери үчүн дагы кошумча сегиз миллион сом талап кылынууда. Эгер ушул көйгөй оң жагына чечилсе, декабрь айынан баштап облустук театр өз күйөрмандарына эшигин кенен ачат.