Жаңылыктар
Zagreb Open мелдешинде Айсулуу Тыныбекова утулуп калды
Спорт
 Zagreb Open мелдешинде Айсулуу Тыныбекова утулуп калды

Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик турниринде алгачкы атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында бегилүү болду.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында болуп жатат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмак категориясында мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо менен күрөштү. Тыныбекова канчалык аракет кылганына карабастан атаандашы эки жолу төрт упайга ээ болду. Жыйынтыгында ал кыргыз спортчуну 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө килемге чыгат.