Бишкектеги таанымал тамактануучу жайлардын биринин директорунун айтымында, алар иштеткен кафеде күнүнө бир же 2 жолу эскерүү иш-чарасы өтөт. Биз барганда да куран окутуу болуп жаткан экен. Зал 250 адамга ылайыкталган. Мурда дасторкон салууда бир кишиге 1 кг эт кетет деп эсептелсе, азыр бул көлөм 5 эсеге чейин кыскарыптыр.
Мында иштегендердин айтымында, кафеге келген кардарларды, ысырапкорчулукка барбого ынандырууга аракет кылышат экен. Бирок мамлекет башчынын мындан бир жыл мурда, үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарында ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу жарлыгынан кийин жарандар өздөрү эле чыгымдарын кыскартканын айтышууда. Атандашуу дээрлик жоголду дешет.
Бир күн мурда борбор калаанын эки районунда акимдер ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Свердлов райондук администрациясында тамактануучу жайлар ортосунда өз ара“түшүнүшүү келишими”түзүлгөн. Анда ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондорду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган.
Түзүлгөн келишим кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ - кафеге карата да, жарандардын өзүнө да жоопкерчилик чаралары азырынча карала элек. Ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн мисал катары райондун муниципалдык кызматкерлери өздөрү милдеттенмеге кол коюшкан. Бузуулар болгон учурда иштеген жеринен бошотууга чейинки тартиптик жазага тартылышат.