Жаңылыктар
Жалал-Абадга заманбап тез жардам унаалары берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадга заманбап тез жардам унаалары берилди

Жумабек Эгембердиев 26 жылдан бери тез жардам кызматында иштейт. Тажрыйбалуу фельдшер жумуштун түйшүгүн жакшы билет. Заманбап тез жардам унаасынын келиши ал үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Эски үлгүдөгү унаада кыйынчылыктар көп болгонун жашырбайт.

Дарыгер жарандарга биринчи медициналык жардамды көрсөтүүнүн сапаты жакшырат дейт. Жаңы келген унаада бейтапка жардам көрсөтүүгө ыңгалуу шарттар, фельдшер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ар кандай көлөмдөгү кычкылтек баллондору, заманбап замбилдин түрлөрү, кол жуучу жайларынан бери каралган. Тез жардам унаасынын эң чоң өзгөчөлүгү 220 вольт электр тогун бөлөт. Унаа ичинде отуруп эле электрокардиограмма, электр соргуч аппараттарын иштетсе болот

Жаңы келген тез жардам кызматынын унаасынын документтери бүтсө ишке салынат. Сузак району боюнча 5 аймакта тез жардам пункту бар, жалпы 16 унаа тейлейт. Райондо 210 миңдей эл жашайт.

Мамлекеттен Жалал-Абад облусуна 6 тез жардам унаасы бөлүнгөн. Алар Ноокен, Токтогул, Ала-Бука, Сузак райондорунун, Кара-Көл шаардык жана облустук ооруканага берилген. Аймакта 32 тез жардам пункту болсо, 99 тез жардам унаасы бар. Анын 16сы жарактан чыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, дубанга дагы 27 унаа жетишсиз.