Жаңылыктар
Ак-Ордо конушунун тургундары кызыл китеп алды
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо конушунун тургундары кызыл китеп алды

Аида көптөн бери күткөн кызыл китебин колуна алды. Ал Ак-Ордо конушунан 4 сотых жер тилке сатып алып, там салып көчүп киргенине 7 жыл болгон. Картада жок конуштун жашоочусу ооруканага каттоого тура албай же балдарын мектеп, бакчага киргизе албай түйшүк тартып келген. Документке ээ болгон үй ээси кубанычын кошунасы менен бөлүштү.

Кызыл китеп алып жаткандар курган үйлөр айдоо аянттарында жайгашкан. Мурдагы үлүш ээлеринен ортомчулар сатып алып, 4 сотыхтан бөлүп турак жай курууга болот деп элди ишендирип соодалаган. Жыйынтыгында Новопавловка айылында эле участогун мыйзамдашып берүү тууралуу 16 миң адамдан арыз түшкөн. Атайын комиссия иш алып барууда. Бирок сатуучу менен аларман ортосунда талаш жаралып азыркы күндө 260 гектардан ашык аянт камакта. Бул ишти аксатат.

Конуш эли өз күчү менен шарт түзүп алган. Жазылбаган эреже бар, там салчу жаран инфратүзүм үчүн акча берүүгө милдетүү.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Ак-Ордо конушунун элине жолугуп маселе чечилээрин билдирген. Буга чейин 200дөй, бул жолу 100дөн ашык адамга мамлекеттик акты тапшырылды. Алдыда дагы 5 миңге жакын үйгө кызыл китеп берилиши күтүлүүдө. Кыргызстан боюнча 13 миң гектардай аянт айыл чарба багытында деп катталганы менен, иш жүзүндө үйлөр курулуп, калк отурукташкан.