Жаңылыктар
Дене тарбия жана спорт өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Спорт
Дене тарбия жана спорт өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө бир катар чечимдерге кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тапшырды.

Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, спорттогу алдыңкы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдоосу үчүн төмөндөгү жарандар сыйланышты.