Жаңылыктар
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров көз жумду
Маданият
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров көз жумду

Кыргызстандын маданият тармагы оор жоготууга учурды. Өлкөдөгү автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер-коюучу, прозаик Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. 

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн. Алгачкы чыгармачылык иштери — «Молитва» жана «Пауза» фильмдери. Жаш режиссёр ВГИКти аяктагандан кийин поэтикалык маанайды жана повесттин аныктыгын сактоо менен Чынгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин экрандаштырган. 1968-жылы бул тасма Орто Азия жана Казакстандын кинофестивалында атайын диплом менен сыйланган. 1970-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу «Көчө» жана «Зеница ока» тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносу азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, совет адамынын эмгеги жана эрдиктерин, анын бай ички дүйнөсүн чагылдырууга өзгөчө көңүл буруп, багытталган. 

Геннадий Базаров Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири. 80-жылдардын ортосунан тарта «Биринчи», «Приют для совершеннолетних», «Загавор», «Анамалия», «Каракыз», «Метамарфоза», «Исход», «Жаннат», «НОнсенс», «Нактюрн», «Солёная долина» сыяктуу көркөм тасмаларды жараткан. 90-жылдары режиссёр - «День ангела», «Антракт», «Түндө» кыска метраждуу тасмаларды тартат. «Айтматов» жана «Сказ об искусстве» толук метраждуу даректүү тасмалары көрүүчүлөр арасында кеңири белгилүү болгон. 

2001-2004-жылдары Геннадий Базаров - Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын президенти, 1966-2002-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясынын режиссер-коюучусу, 2002-2004-жылдары «Кыргызтелефильмдин» директору, 2004-жылдан ушул күнгө чейин ушул студиянын режиссеру. 1974-жылы кинорежиссерго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамына ээ болуп, 1976-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган, СССРдин кинематографиясынын отличниги. 1987-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон. 1997-жылы президенттин «Алтын калем» сыйлыгынын, 1998-жылы жана 2006-жылы Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. 2003-жылы «Каракыз» тасмасы үчүн Эл аралык кинофестивалдын баш байгесин жана «Мосфильм» концернинин байгесин алган. 2006-жылы «Жылдын адамы» наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон. 2003-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылган.

Акыркы сапарка узатуу зыйнаты эртең, 7-февралда өтөт.