Жаңылыктар
Айпери Медет кызы эл аралык мелдеште күмүш медаль алды
Спорт
Айпери Медет кызы эл аралык мелдеште күмүш медаль алды

Айпери Медет кызы Хорватиядагы эл аралык рейтингдик мелдешинде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат. 

Мелдеш 1-февралдан 5-февралга чейин Загреб шаарында өттү. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин башынан баштап күчүн сынады. 

Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз балданы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишке жетти. Ал эми жарым финалда Медет кызы кытайлык Жуан Вангга каршы килемга чыгып, атаандашын утту. 

Финалда Айпери Медет кызы америкалык Елена Макойедге 2:4 эсебинде утулуп, мелдештин күмүш медалына татыды.