Жаңылыктар
МСК 2022-жылы бюджетке 19,7 млрд сом жашырылган салыктарды кошумча эсептеди
Экономика
МСК 2022-жылы бюджетке 19,7 млрд сом жашырылган салыктарды кошумча эсептеди

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына 2022-жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. 

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп.

Мындан тышкары, 2022-жылы республиканын салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы кошуп эсептелген 4,1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн.

Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлер тарабынан салыктарды жашыруу бөлүгүндө келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.