5-февраль күнү Octagon Евразиялык уюмдун кезектеги турнири Бишкек шаарында болду.
Octagon 40 мелдеши Арча-Бешиктеги спорттук комплексте өттү.
Башкы беттеште кыргызстандык Максат «Барс» Жолдош уулу бразилиялык Жозе Таварес менен кезикти.
Мушкерлер 3 раунд ичинде жеңүүчүнү аныктай алган жок. Натыйжада калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңиш кыргызстандык спортчуда болду.