Жаңылыктар
Ызатбек Ратбеков өлкөнүн бильярд боюнча чемпиону болду
Спорт
Ызатбек Ратбеков өлкөнүн бильярд боюнча чемпиону болду

Ызатбек Ратбеков өлкөнүн бильярд боюнча чемпиону болду. Өлкө биринчилигине бул спорттун түрү боюнча жалпы 60 спортчу катышкан. Мелдеште 3-орунду Мирлан Абдыкаров менен Каримберди уулу Мухаммед алса,  Ал эми 1-орун үчүн беттеште Ызатбек Ратбеков каршылышын Арсен Каленбаевди 6:2 эсебинде уткан.

Турнир жыйынтыгына ылайык мыкты бильярдчылар дүйнө биринчилигине катышат Кошумчалай кетсек Бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат 25-октябрда Бишкек шаарында  өтөт.

Греко-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде кыргыз балдары 5 медал алып кайтышты. Мелдеш 8-9-октябрда Казахстандын Семей шаарында өткөн. Ага Иран, Казахстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Оруссия, Грузия, Беларусия, Армения, Китай, Литва жана Кыргызстан спортчулары катышкан.  Балбандар 59 килограммдан 130 килограммга чейин алты салмактагылар арасында күч сынашкан. Биздин спортсмендер байгелүү беш орунга илинишкен. 75 килограмм салмактагы Эсен Асанов менен 85 килограммдык салмактагылар арасында Азат Бейшебековдор күмүш медал алышса. Ал эми Урмат Аматов, Жанат Болотбеков менен Кайрат Туголбаевтер коло тагынышкан.
 

Кыргызстандык  өспүрүм жаштагы таэквандистер Венгрияда өткөн Дүйнө кубогунан кур кол кайтышкан жок. Будапеш шаарындагы мелдешке  8 спортчубуз катышып, 3 медал алышты.  Эл аралык таэквондо федерациясынын маалыматына ылайык 60 киллограм салмактагыларга чейинки 15-17 жаштагылар арасында Жылдыз Алжанбаева коло тагынган. 52 килограмм сакмакта 12-14 жаштагылардан Атахан Маматалиев дагы күмүш медал жеткен. Ал эми Сабыр Чубаков 50 килограммдык салмактагы 15-17 жаштагы өсүрүмдөр арасында коло медалга татыган.

Мекендешибиз Сирожидин Абдуллаев Казахстанда өткөн эл аралык турнирде 1-орунга татыды.  27-жолу өтүп жаткан мелдеш 9-15-октябрга чейин Шымкент шаарында болгон. Анда 56 килограммга чейинки салмактагылар арасындаСирожидин Абдуллаев күч сынашып, алтын медал алган. Марат Шамаматовдун тарбиялануучусу Алматы, Атырау, Тараз менен Талдыкоргондон келген 5 каршылашын тең женген.  Кошумчалай кетсек мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 5 мушкер катышып, калгандары байгелүү орундарга жетпей калган. 

Мирбек Сакенов