Жаңылыктар
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Кырсык
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. 

"2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.