Жаңылыктар
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович башка ишке которулгандыгына байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду. 

Министрлер Кабинетинин башчысынын башка чечими менен Тагаев Марат Төлөмүшевич жана Аскарова Айнура Алмасбековна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.