Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курамасы (U-20) Азия кубогунун финалдык этабына даярдык көрүп жатат.
Команда Түркияда машыгуу жыйындарын өткөрүп, контролдук оюндарга катышууда.
Кыргызстандын жаштар курамасы Зенит-2 менен беттешти. Беттеш Анталия шаарында өтүп, 1:1 эсеби менен аяктады. Кыргызстандын катарынан Мирдан Бекбердинов гол киргизди.
Буга чейин “ак шумкарлар” Ирак (1:2) жана Индияга (0:1) утулуп калган.