Жаңылыктар
Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны алты миңге жакындады
Кырсык
Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны алты миңге жакындады

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 894 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдиргенин маалымат каражаттары жазды. 

"Азыркы учурда 5 миң 894 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 34 миң 810 адамга жетти", - деди Октай журналиcттерге маалымат берип жатып. 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркияга 70ке жакын куткаруучу жана эки кинолог жөнөткөн. 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.