Жаңылыктар
Кургак учукка кабылгандардын саны өсүүдө
Ден соолук
Кургак учукка кабылгандардын саны өсүүдө

Оштогу облустар аралык жаш өспүрүм балдардын кургак учукка каршы ооруканасына акыркы 9 айда 42 өспүрүм катталган. Адистер жыл сайын саны өсүп жаткан бул илдеттин себебин - сырткы миграциянын агымы, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү жана кургак учукту дарылоочу заманбап оорукананын жоктугу менен байланыштырууда. Мындан улам, толук кандуу сакайбаган жарандардан бул илдет - үй-бүлө мүчөлөрүнө да жугуп жатат. 

Өткөн аптада Оштогу № 4 жатакананын жашоочулары 5 балалуу үй-бүлөнү үй буюмдары менен сыртка алып чыгып койгон. Жашоочулардын айтымында, үй-бүлөнүн кожоюну кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыктан, илдет үйдөгү эки балага жуккан.

Илдетти жуктуруп алган эки өспүрүм учурда ооруканада дарыланууда. Тилекке каршы, балдардын толук кандуу дарылануусуна ата-энеси тарабынан ар кандай каршылыктар болуп келет. 

Балдардын атасы кургак учуктун ачык түрүнө кабалгандыгын дарыгерлер тастыктайт. Бул үй-бүлөдө кургак учук жалгыз көйгөй эмес экен. Ичимдикке көп жылдан бери көз каранды болуп калган жубайлар айрым учурда өз балдарына да кол көтөрө калат экен. 

Социалдык кызматкерлердин айтымында, балдардын энеси Элмира Моңкобаеваны энелик укуктан ажыратуу иши шаардык сотто каралууда. Моңкобаева, кичүү 3 жаштагы кызы менен азыркы тапта кайда жашап жаткандыгы туурасында так маалымат жок.