Жаңылыктар
Базар-Коргондо чиновниктер курулушка уруксат берүүгө ишкерден 200 миң сом пара алган
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргондо чиновниктер курулушка уруксат берүүгө ишкерден 200 миң сом пара алган

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февралда "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору кармалды. 

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.