Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын версиясы боюнча Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын Олимпиадалык спорттун түрү боюнча Кыргызстандын эң мыкты спортчусу деп табылды.
2022-жылы Кыргызстандын спортчусу алты турнирге катышып, 6 медалга ээ болгон.
Шаршенбеков Дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам оюндарын уткан. Turlykhanov Cup рейтингдик турниринде да коло байгени алган. Кошумчалай кетсек, кыргызстандык спортчу Wladyslaw Pytlasinski кубогунда күмүш, Dan Kolov - Nikola Petrov турниринде коло байгеге ээ болгон.
Бул жыйынтык менен спортчу 55 000 упай топтоп, эл аралык күрөш уюмунун (UWW) 60 кг чен бирликке чейинкилер арасындагы тизмеде 1-орунду ээлеген.
Ошондой эле Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын дуйнөдөгү эң мыкты балбаны деп табылган.